Бишкекте өзгөчө абал учурунда көчөгө чыгууга уруксат берүүчү өткөрмөгө окшош жасалма документ колдонуп жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу 2-апрелде шаардын комендатурасы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 1-апрелде болгон. Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде 32 жаштагы айдоочунун «Ланд Ровер» машинасын текшергенде терезесинде уруксат кагазы тагылып турган. Кылдат текшергенде ал өткөрмө жасалма болуп чыккан.
Машина атайын коюлуучу жайга токтотулуп, бардык чогултулган иш кагаздары Ленин райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Териштирүү Жазык кодексинин 359-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
Кыргызстанда коронавируска байланыштуу 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган.