• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте жаш жигит айдап бара жаткан унаа ала салып кетти

13 Кулжа 2023 11:23 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Lexus RX350 үлгүсүндөгү унаа ала салып кетти. Бул тууралуу «Кабар» жазды.

Маалыматка ылайык, 13-июнга караган түнү 00:40 чамасында Бишкек шаарынын 18 жаштагы А.уулу А. аттуу тургуну Масалиев көчөсү (Түштүк магистраль) менен батыш тарапка бара жатып, “Ынтымак” паркынын тушунан унаасынын рулуна ээ боло албай калып, жол боюндагы бордюрду сүзүп, ала салып кеткен.

«Айдоочу ооруканага жаткырылып, учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды»,-деп жазылат маалыматта.

Тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 259