• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионаты башталды

27 Бирдин айы 202617:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясында жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионаты башталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке эркектер жана кыз-келиндер катышууда.

Чемпионатка республиканын бардык аймактарынан келген 18 жаштан жогорку спортчулар катышып, мелдештер 60 м, 200 м, 400 м, 800 м, 1500 м, 3000 м аралыкка чуркоо түрлөрү боюнча өткөрүлүп жатат.

Мелдештин негизги максаты — Кыргызстанда жеңил атлетиканы өнүктүрүү, спортсмендердин чеберчилик деңгээлин жогорулатуу жана эл аралык мелдештерге даярдоо.

Количество просмотров: 119