• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргыз спортчулары жеңил атлетика боюнча байгелүү орундарга ээ болушту

22 Үчтүн айы 2024 9:39 Бишкек Govori.TV

Нурсултан Кеңешбеков жана Алымкан Жамшитбекова Эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Нурсултан Кеңешбеков жана Алымкан Жамшитбекова Усть-Каменогорск шаарында (Казакстан) өткөн Ольга Рыпакованын байгесине арналган IV Эл аралык мелдешинде байгелүү орундарга ээ болушту.

Нурсултан Кенешбеков 1500 аралыкка чуркап 1-орунду ээлесе, кыз-келиндер арасында Алымкан Жамшитбекова 800 метр аралыкка чуркап 2-орунду багындырды.

Количество просмотров: 60