• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте жеңил атлетика боюнча эл аралык турнир өтөт

25 Аяк оона 2018 19:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.09.2018.Govori.TV.
Бишкекте жеңил атлетика боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Олимпиадалык чемпион Мария Пинигинанын байгелери үчүн мелдештер 29-30-сентябрь күндөрү өтөт.
Регламент боюнча турнирге 15 жашка чейинки уландар жана кыздар катыша алат. Учурда Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Кыргызстандын аймактарынан спортчулар билдирмелерин беришкен.
Мария Пинигина Кыргызстандын Ивановка айылында туулган. Советтик жеңил атлетчи, 4×400 метр эстафетасында олимпиада чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери (1984).
Ал Сеулда өткөн олимпиадада Татьяна Ледовская, Ольга Назарова жана Ольга Брызгина менен биргеликте дүйнөлүк рекорд койгон – 3:15.17.
Количество просмотров: 32