• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте жеңил унаа каршы тилке менен айдап, 43 жаштагы аялды сүзүп кетти

26 Тогуздун айы 2018 16:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.10.2018.Govori.TV.

Бишкектин Москва көчөсүндө айдоочу унаасын каршы тилкеге түшүп айдап бара жатып, 43 жаштагы аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, окуя бүгүн саат 13:20 чамасында катталган.

«Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа жолду туура эмес кесип бара жаткан аялды сүзүп алган. Унаанын айдоочусу өзү дагы каршы тилкеге түшүп айдап бараткан. Окуя болгон жерден жабырлануучуну «Тез жардам» кызматы алып кеткен. Анын абалы орто деп жатышат. Ал эми айдоочу спирт ичимдигин ичпегени аныкталды. Учурда унаа айып жайына токтотулуп, териштирүү иштери башталды», — деп билдирет басма- сөз кызматынан.

Количество просмотров: 22