Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушундагы Л. Толстой көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда “Mazda Demio” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө бир бөлүм тартылган. Түнкү саат 02:38 өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.