• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте Жеңиштин 76 жылдыгына карата митинг-реквием өттү

9 Бугу 20219:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты.

Мамлекет башчысы Түбөлүк отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерип, таазим кылды.

Митинг-реквиемге Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков катышты.

Бир мүнөттүк аза күтүүдөн кийин борбор калаанын Жеңиш аянтында залп атылып, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.

Количество просмотров: 383