Бишкек.24.07.2019.Govori.TV.
Бишкекте микроавтобустун айдоочусу учурдагы аптаптуу ысыкка байланыштуу, жүргүнчүлөрдүн камын ойлоп, салонго желдеткич орноткон. Анын видеосу Instagram баракчасына жарыяланды.
Аталган видеодон маршруттун ичинде үч жерге желдеткич коюлганын көрүүгө болот. Айрым интернет колдонуучулар желдеткич Бишкектеги №195 маршруткага коюлган деп жазышса, кээ бир колдонуучулар мындай микроавтобусту Жалал-Абад шаарынан көргөнүн айтышууда.
Кошумчалай кетсек, өлкө аймагында 26-июлдан 29-июлга чейин Кыргызстан боюнча абанын температурасы жогрулап, 40 градуска чейин жете тургандыгын Кыргызгидромет эскерткен.