Бишкек мэриясы коомдук транспортторго жол кирени 20 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады. Шаардык кеңештин бул багыттагы токтомунун долбоору мэриянын расмий сайтына жарыяланды.
Менчигинин түрүнө карабастан транспорттун бардык түрүнө: автобустарга, кичи автобустарга жана троллейбустарга бирдиктүү тариф белгилөө сунушталууда.
Жол кире кымбаттаса, электрондук жол билети да кымбаттайт. Стандарт билет айына 1200 сом, мектеп окуучуларына арналганы 430 сом болот.