• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте жол кырсыгынан 4 адам жабыркады

23 Аяк оона 2019 10:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Фрунзе-Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү эки автоунаа кагышып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 21-сентябрда болжол менен саат 23:00дөр чамасында Б.А., аттуу айдоочу «Хонда Фит» автоунаасы менен К.Акиев көчөсүндө түндүк багытта бара жатып, Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде 29 жаштагы Ж. уулу А., башкарып келе жаткан «Хонда Фит» унаасын сүзүп алган.

«Кырсыктан 4 адам жабыркаган. Автоунаалар атайын айып унаа токтотуучу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 40