• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Бишкекте жол кырсыгынан Пакистандын эки жараны көз жумду

15 Бештин айы 202416:13 Бишкек Govori.TV

Бишкекте пакистандык беш студент түшкөн BMW автоунаасы жол кырсыгына кабылып, эки адам ошол жерден набыт болду. Үчөө ооруканага жеткирилген.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымдагандай, окуя 15-декабрь күнү, эртең мененки саат 7:00 чамасында Курманжан датка көчөсүндө болгон.

“BMW” үлгүсүндөгү унаа түштүктөн түндүктү көздөй катуу ылдамдыкта бара жатып, Мадина базарынын аялдамасындагы бетон түркүктү сүзгөн. Жол кырсыгынан унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчү ошол жерде көз жуумп, үч жүргүнчү оор жаракат алышкан. Ал эми унаа жарактан чыгып, экиге бөлүнүп калган», — деп билдирди ЖКККБнын басма сөз кызматы.

Бул факты боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 321