Бетон аралаштыргыч менен скутердин катышуусундагы жол кырсык Түштүк магистраль менен Шералиев көчөсүнүн кесилишинде болгон. Кырсыктын видеосу соцтармакта тарап жатат.
Кайгуул милициясынын маалыматы боюнча, жол кырсык бүгүн, 10-сентябрда болжол менен саат 11:45те болгон. Бетон аралаштыргыч Howo унаасы Жайыл баатыр көчөсү менен чыгышты көздөй бараткан. Ал Шералиев көчөсүнө жеткенде, оң жакка бурулуп жатып, аркасынан келе жаткан скутер менен калышкан. Натыйжада жол кырсыгынан скутердин айдоочусу көз жумган.
Окуя жерине милиция кызматерлери барып, маркум 2007-жылы туулган И.Ш. аттуу жаран экендиги аныкталган.
Учурда бул факт боюшча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Милиция кийинчерээк кошумча маалымат берилерин билдирди.