• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкекте жума, Айт намаз, ооз ачууларды убактылуу чектөө сунушталды

23 Чын куран 2021 15:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын санитардык-эмидемиологиялык көзөмөл борбору калаадагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу даават, жума намаз, айт намаз жана ифтар сыяктуу массалык иш-чараларды убактылуу токтотуп турууну сунуштады. Маалыматты Бишкек шаарынын санитардык-эмидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубаныч Кундашев тастыктады.

Анын айтымында, соңку чечим Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан кабыл алынат. Чектөө эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин алынат.

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан сунуш каралып жатканын билдиришти.

Количество просмотров: 210