• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте жылуулук берилип баштайт

4 Тогуздун айы 2021 16:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 5-октябрдан тарта жылытуу сезону башталат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койгону белгилүү болду.

«Объекттерге жылуулук жеткирүү иштери бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектеп, бала бакча, ооруканалар жана төрөт үйлөрү, социалдык коргоо мекемелери жылуулук менен камсыз болушу керек. Андан кийин турак үйлөр, мекеме-ишканалар жылытылат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 124