• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектеги №47 абак бузулат. Анда жазасын өтөп жаткандар кайда көчүрүлөт?

10 Жалган куран 202216:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жайгашкан №47 түзөтүү мекемеси жакын арада бузулат. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Түзөтүү мекемеси пайдалануу мөөнөтүн эбак эле аткарган жана заманбап талапка жооп бербейт. Ал эми бул, эксперттер туура белгилегендей, коомдук коопсуздукка белгилүү бир коркунуч туудурат жана ал тургай кылмыштуулуктун өсүшүнө да таасирин тийгизиши мүмкүн», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, колонияда жазасын өтөп жаткан адамдар Чүй облусундагы Новопокровка айылындагы № 3 мекемесине, Молдовановка айылындагы №27 жана №31 атайын мекемелерге которулат.

Количество просмотров: 102