• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкектеги башаламан 20 соода түйүнү жоюлду

17 Баш оона 2022 13:00 Бишкек Govori.TV

Башаламан соода-сатык менен күрөшүү боюнча рейддик иш-чаралар жрп, 20 соода түйүнү жоюлду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Октябрь районунун башчысы Азамат Дороевдин тапшырмасы боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасы, Октябрь районунун ички иштер башкармалыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы «Ынтымак-2» паркында мыйзамсыз башаламан соода-сатыкка каршы текшерүү жүргүзүштү.

Рейддин жыйынтыгы боюнча 20 башаламан соода-сатык түйүнү, 10 штендер алынды. Көчө соодасын жүргүзгөн бардык сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 215