• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкектеги Ботаникалык бактан аялдын жансыз денеси табылды

20 Тогуздун айы 2021 15:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Ботаникалык бактан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 19-октябрь күнү саат 12:00 чамасында М.М. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза жасалды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 693