Ленин РИИБден билдиришкендей, арыз ээси 29-январда саат 4:00дө эки киши Асаналиев көчөсүндөгү дүкөнүн карактап кеткенин айткан.
«Медициналык бет кап тагынган эки адам куралга окшош нерсе менен коркутуп, 10 миң сомду акчалай жана 30 миң сомдук товарды тартып алып, качып кетишкен», — деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектелип 25 жана 21 жаштагы эки жаран кармалып, камакка алынган.