• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкектеги дарыканаларда беткаптар эки эсе кымбаттады (видео)

30 Үчтүн айы 2020 9:48 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги дарыканаларда 5 сомдон сатылып жаткан бир жолу колдонуучу беткаптар кымбаттап 10 сомдон сатылууда. Бул тууралуу видеону Govori.TVга окурман жиберди.

Анын айтымында, бүгүн маскалар 10 сомдон болуп көтөрүлүп кеткен. Бир-эки күн мурун эле дал ошол беткаптарды 5 сомдон алып жаткан. Ал эми дарыканчы аял маскаларды оптом 7 сомдон алып келип жатышканын айтып, буга чейин 2-3 сомдон эле болгонун кошумчалады.

Белгилей кетсек, жогоруда сөз болуп жаткан беткаптар бир эле колонууга ылайыкташкан, аны 2-4 саатка чейин эле колдонууга болот.

Эске салсак, кечээ премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын аймагында короновирустун жайылышына жол бербөө боюнча штабдык жыйынын өткөргөн. Анда өкмөт башчы дарыканалар тутумунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана баалардын жогорулашын алдын алуу максатында жеке коргонуу каражаттарынын (медициналык беткап), тиешелүү дары-дармектердин наркына мониторинг жүргүзүүнү тапшырган эле.

Количество просмотров: 609