• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкектеги эл ташыган айрым коомдук тарнспорт ишин токтотот

27 Теке 2018 16:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.07.2018.Govori.TV.
Бишкектеги эл ташыган айрым троллейбустардын багыты өзгөрөт. Эртеӊден тарта Бишкектеги эл ташыган айрым троллейбустардын багыты өзгөрүп, айрымдары ишин убактылуу токтотууларын мэриянын өкүлдөрү кабарлады.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан Манас проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилишкен бөлүгү 27-июль күнү таңкы саат 6:00дөн тарта 30-июлдун таңкы саат 5.00гө чейин жабылат. Буга байланыштуу №8 жана №10 каттамдагы троллейбустар көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин жүрбөйт. Ал эми №4 троллейбус Киев көчөсү менен каттайт.
Баш калаанын мэриясы учурдагы түзүлгөн кырдаалга жарандарды түшүнүү менен мамиле жасоону өтүнөт.
Количество просмотров: 22