• Ишенби 29 Кулжа 2024
  • Суббота 29 Июнь 2024

Бишкектеги футбол стадионун жаңылоо иштери качан аяктайт?

21 Кулжа 2024 12:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-июнда Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жаңылоо иштери боюнча жыйын өттү.

Жыйын Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев, Маалымат, спорт жана жаштар саясаты министиринин орун басары Айбек Абдымомунов, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, Мамлекеттик курулуш агенттигинин жана Жеңил атлетика боюнча федерациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Жыйында реконструкция маселелери каралып, стадиондун эскиздик долбоору сунушталды.

Буга чейин маалымдалгандай, план боюнча реконструкция толугу менен ушул жылдын сентябрь айында аяктайт.

Теги:
Количество просмотров: 95