Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эл өкүлү Тазабек Икрамов, дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, 5миң, 10 миң орундук спорттук арена куруу тууралуу маселени козгоду.
Мындан сырткары депутат буга чейин айтылган 22500 орундук заманбап стадиондун курулушу тууралуу тууралуу кеп козгоп, анын эмне болуп жатканына кызыкты.
Эске салсак, өткөн жылы Президент Жапаровдун тапшырмасы боюнча жаңы стадиондун курулушу башталары маалым болгон.