• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ташиев: Жаңы стадион болжол менен 2026-жылы бүтөт

5 Чын куран 2024 15:37 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, КР футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев бүгүн Орок айылындагы жаңы стадиондун курулушунун жүрүшүн текшерди.

Анын айтымында, жаңы стадион эл аралык талаптардын барына жооп берет.

«Ал 45 миң адамга ылайыкталган жана FIFAнын бардык талаптарына ылайык курулууда. Жооптуу адистер Түркия жана Англиядан чакырылган, алар иштердин жүрушүн көзөмөлгө алышууда. Куруучулардын 90%ы жергиликтүү жашоочулар. Куруучулар үчүн бул жерде шаарча курулган. Болжол менен 2026-жылы Эгемендик күнүнө объект өзүнүн биринчи көрүүчүлөрүнө эшигин ачат. Бул стадион эки жылдын ичинде курулуп бүтүшү керек. Биздин эсеп боюнча, курулуш иштерине 60 млн доллар керетелет. Балким кичине азырак кетиши мүмкүн. Белгилей кетүүчү жагдай, бул стадион эле эмес, бардык стадиондордо реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт», — деген ал.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары республикада бир дагы стадион оюндарды өткөрүү боюнча минималдуу талаптарга жооп бербей турганын белгиледи. Д.Өмүрзаков атындагы стадион да реконструкцияланат.

Количество просмотров: 84