• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Жаңы футболдук стадиондун эскиздери жарыяланды

15 Жалган куран 2024 15:04 Бишкек Govori.TV

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасына 45 миң орундуу стадиондун курулуш иштери баштала турганын жазды.

Анын айтымында, стадионду долбоорлоо жумушу белгилүү чет элдик компаниялар менен биргеликте жасалды.

«Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич Бишкек шаарына 45 миң орундуу стадиондун курулуш ишин тапшырган. Анын долбоорлоо жумушу белгилүү чет элдик компаниялар менен биргеликте жасалды. Архитектуралык дизайны улуттук наркыбызга ылайыкталып, боз үйдүн элесин берет. Стадиондо заман талабына ылайык дүкөндөр, эс алуучу жана унаа токтотуу жайлары сыяктуу бардык шарттары каралды. Буюрса алдыңкы күндөрү курулуш ишин баштайбыз. Долбоорду УКМК төрагасы, Футбол федерациясынын президенти Камчыбек Кыдыршаевич өз көзөмөлүнө алды»,-деп жазды Түмөнбаев.

Количество просмотров: 100