• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте курулчу футболдук стадиондун долбоору жарыяланды (видео)

15 Кулжа 2022 16:56 Бишкек Govori.TV

Президент Жапаровдун тапшырмасы боюнча жаңы стадиондун курулушу үстүбүздөгү жылдын август айында башталат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалым болгондой, стадион борбор калаанын түштүк-батыш тарабында курулат. Ал 22,5 миң кишилик заманбап көп функциялуу спорт аянтчасы болот.

«Стадионду бул жаатта көп жылдык тажрыйбасы бар Европадан келген компания курат. Каржылоонун негизги бөлүгүн европалык инвестициялар түзөт. Стадиондун курулушу болжол менен эки жылда бүтөт»,-деди Султанбаев.

Сиздерге жаңы стадиондун эскизин сунуштайбыз.

Количество просмотров: 933