• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкектеги кампадан өрт чыкты

31 Бештин айы 202313:21 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Хивинская көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 күжүрмөн эсеп, Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу дрон менен тартылган.

«Тилсиз жоо саат 09:36да чектөөгө алынды. Жабыркагандар жок. Учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча, аталган кампада үйдүн эшиктери сакталган.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 274