• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкектеги маршруттун айдоочулары жол эрежесин бузса, фирманын лицензиясы алынат

4 Чын куран 2018 17:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.04.2018.Govori.TV
Эгерде  Бишкек шаарындагы маршруттун айдоочулары жол эрежесин бузса, алар закон боюнча жооп беришет. Бул туурасында Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Атыканов  Govori.TV сайтына билдирди.
«Буга чейин жол эрежесин бузган айдоочуларга минтранс, жол кайгуул кызматкерлери тарабынан чаралар көрүлсө эми мэрия тарабынан чара көрүлөт» -дейт Атыканов.
Белгилей кетсек бүгүн 4-апрелед Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов кайсы фирманын айдоочулары жол эрежесин буза турган болсо лицензиясын алып коюуну сунуштды. Анда борбордогу транспорт башкармалыгына маршруттук таксилердин айдоочулары жол эрежесин буза турган болсо, иштеген фирманын лицензиясын алуу боюнча маселени иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Мындан сырткары жолдордун оңдолушу боюнча графикти эске алуу менен маршруттук такси, автобус жана троллейбустардын дагы схемасын өзгөртүүнү  тапшырды.
Эске сала кетсек, 2-апрелде Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары тарифи жогорулатып, жүргүнчүлөрдү милдеттүү түрдө камсыздандырууну жокко чыгаруу талабы менен иш таштап жумушка чыгышкан  эмес. Анын кесепетинен аялдамада кезек күткөндөр көп болуп, коомдук транспортко эл батпай калган.
Количество просмотров: 14