• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Бишкектеги мектепке бомба коюлду деген маалымат тастыкталган жок

3 Аяк оона 202413:59 Бишкек Govori.TV

Бишкектин №13 мектебинен жардыруучу зат таблыган жок. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 3-сентябрда саат 10:45де борбордогу Москва көчөсүндө жайгашкан мектептердин бирине жардыруучу зат коюлду деген маалымат келип түшкөн.

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган.

Количество просмотров: 46