Бишкектеги А.С. Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназиянын имаратында асынган адамдын жансыз денеси табылды. Маалыматты Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, 5-июль күнү саат 09:14тө “102” кызматына мектептин түндүк-батыш тарабында өз жанын кыйган жаран тууралуу маалымат келип түшкөн.
«Айтылган дарекке ыкчам топ барган. 1986-жылы туулган А.Э.нын жансыз денеси табылган. Текшерүү учурунда маркумдун денесинде тактар болгон эмес»,-деп жазылат маалыматта.
Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Социалдык тармактарда каза болгон жаран аталган мектепте мугалим болгону айтылууда. Ал эми министрлик окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдирди.