• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектеги мектептен жардыруучу зат табылган жок

23 Аяк оона 202412:54 Бишкек Govori.TV


23-сентябрда саат 10:00 чамасында Бишкектеги №46 мектепке жардыруучу зат коюлду деген маалымат түшкөн. Бул тууралуу Свердлов РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге ИИМдин тергөө тобу барган. Милиция кызматкерлери мектептин айланасын курчоого алып, окуучуларды сыртка чыгарган.
Текшерүүдөн кийин мектепте эч кандай жардыруучу зат табылбагандыгы аныкталды.

Количество просмотров: 93