• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкектеги мектептерде суукка байланыштуу сабактын убактысы кыскарат

16 Бирдин айы 2024 9:55 Бишкек Govori.TV

Күтүлүп жаткан суукка байланыштуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгына мектептерде окуунун кыскартылган графигине өтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу Билим берүү департаментине мектептерде окуунун кыскартылган графигине өтүү, бала бакчаларда ата-энелердин каалоосу боюнча балдарды калтыруу тапшырмасы берилди. Ошондой эле жеке менчик мектептерге да ушундай чараларды көрүүнү сунуштоо пландалууда. Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди»,-деп жазылат маалыматта.

“Тазалык” муниципалдык ишканасына жолдорду жана тротуарларды кардан жана муздан тазалоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү тапшырылганы кошумчаланды.

Количество просмотров: 506