Бишкектеги №60 мектептин окуучулары дистанттык окууга өткөрүлдү. Бул тууралуу мектеп окуучуларынын ата-энелери социалдык тармактарга билдиришти.
Алардын айтымында, мектептеги оңдоо иштери жакында эле башталган. Иш бүткүчө балдар дистанциялык түрдө окушат.