Бүгүн таңкы саат 4:00дөр чамасында Бишкектеги резонанс жараткан мушташка шектелип издөөдө жүргөн шектүүлөр Бапышов Жаныбек менен Сейитбеков Калысбек өз ыктыяры менен Бишкек шаардык Ички Иштер Башкармалыгына келишти. Бул тууралуу «Жалбырак.ТВ» маалымат агенттиги алардын аталган мекемеге барганы тууралуу видео жарыялады.
Маалыматка ылайык, алар аталган органдын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Айыбы угузулуп камакка алынды.


Эске салсак, Ленин райондук прокуратурасы Бишкекте эки киши катуу сабалган мушташ боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Маалыматка караганда, Бишкектин Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан супермаркеттин жанындагы мушташка катышып, эки кишини катуу сабагандарды окуя болгон жерден милиция алып кеткен. Алар аймактык милиция бөлүмүнө жеткирилип, кайра коё берилген. Кийин аларга издөө жарыяланган.
Милиция кызматкерлеринин аракети «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергеп жатат.
28-августта болгон мушташта эки киши жабыркап, бири комага түшүп калган. Бишкек милициясы мушташка катышкан 34 жана 20 жаштагы Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбековду издеп жатат.
Эки эркек кишинин катуу сабалганы тартылган видео социалдык тармактарга да тарап, кызуу талкууга алынды. Анда сабалгандардын бирөө катуу соккудан эсин жоготуп, каршылык көрсөтүүгө аракет кылган экинчиси аёосуз тепки жегенин көрүүгө болот.