Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов районунун Широкая көчөсүнүн №5 дарегинде дөңгөлөктөрдөн чыккан өрттү өчүрүүгө жалпсынан 5 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Мындан сырткары жерине ИИМден 40 кызматкер, РЭТтен 1 бригада тартылган. Ошондой эле учурда өрт өчүрүүчүлөргө Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун адистери да жеринде иштешүүдө.
Кабат-кабат жыйылган дөңгөлөктөрдөн чыккан өрттүн үйлөргө жайылып кетпөө аракети көрүлүп, өчүрүү иштери жүрүүдө.