• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Бишкектеги соода борборлорунда ККМ аппараттары текшерилүүдө

9 Жалган куран 2022 12:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев баш болгон топ Бишкектеги «Айчүрөк», «Чынар» өңдүү бир катар ири соода борборлорунда соода кылгандар көзөмөл-кассалык аппараттарын кантип колдонуп жатканын текшеришти.

Натыйжада, текшерүүгө катышкан Арзыбек Кожошев соода түйүндөрдү басымдуу бөлүгү салык мыйзамын аткарбай, ККМ аппарттарын туура эмес колдонуп же колдонбой жатканын айтты.

«Бүгүн биз алдын ала эскертилбеген рейд жүргүздүк. Борбордун чок ортосундагы ЦУМ соода үйүндөгү көпчүлүк соодагерлерде ККМ жок экен. Айрыкча жер төлөдөгү соода түйүндөрүндө дээрлик жокко эсе. Албетте буга биринчи кезекте биздин салык кызматкерлери күнөөлүү, алар түшүндүрүү иштерин жетиштүү жүргүзбөй жатат», — деди Кожошев.

Количество просмотров: 74