• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Бишкектеги түтүн маселесин чечүүгө бардык шарт бар. Анда эмне тоскоол болууда?

7 Бирдин айы 2023 17:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн,7-февралда Жогорку Кеңеште «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын демилгеси менен “Бишкектин экологиялык коопсуздук маселелерин чечүүгө эмне тоскоол болууда?” аталышындагы тегерек стол өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик-муниципалдык органдардын, архитектура кызматтарынын, эл аралык экологиялык уюмдардын, жарандык жана эксперттик коомдордун өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлү Адахан Мадумаров бардык мыйзамдык нормативдик актылардын болгонуна карабастан «Бишкектин экологиялык коопсуздук маселесин чечүүгө эмне тоскоол болууда?»,- деген суроо конкреттүү талкууланарын эске салды.

Бишкектин экологиялык коопсуздугу боюнча эксперт Белек Сарымсаков атайын аналитикалык материал даярдап, анда бул көйгөйгө алып келген жагдайларды көргөздү. Андан сырткары маселени чечүүнүн кандай жолдору бар экенин айткан менен ага эмне, же болбосо ким тоскоол болуп жатканын айталган жок.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эрмек Усубалиев Бишкектин экологиялык коопсуздугун жоюуда мэриянын күчү жетпешин айтты.

Бишкектин вице-мэри Мирланбек Байгончоков бул маселени чечүүдө эмне тоскоол болуп жатканына токтолду.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова деле маселенин келип чыгыш себептерин санап бергени менен, чечүүгө тоскоол болгон жагдайларды атай алган жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева дагы бул маселенин кесепети ден соолукка кандай зыян алып келиши боюнча статистикалык маалыматты тамгалап окуп жатып, жыйындын катышуучусунан сын укту.

«Жашыл Альянстын» аткаруучу директору Илгиз Камбаров маселени чечүүдө массалык маалымат каражаттар аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй жатканын билдирди. Мындан сырткары кадрлардын сапатсыз болуп жатканын айтты.

Маселени чечүү үчүн бир жума ичинде тиешелүү тараптар өз сунуштарын конкреттүү түрдө берүү тууралуу чечимине келишти. Анын негизинде резолюция кабыл алынаары айтылды. Өткөрүлгөн бул жыйын маселенин чечилишине өбөлгө болоорун айтат Адахан Мадумаров.

Количество просмотров: 193