• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Бишкектеги таштанды талаасынын аймагына 850 көчөт отургузулду 

2 Бештин айы 2023 17:18 Бишкек Govori.TV

«Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын аймагына 850 көчөт отургузулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Эми 2,3 гектар жерге токой тилкеси пайда болот.

Көчөт отургугуу иш-чарасына Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги, төрт райондун акимдери, түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары, муниципалитеттин борбордук аппаратынын кызматкерлери, Кыргызстан Эл аралык университетинин, Кыргыз экономикалык университетинин, Роза Отунбаеванын фондунун, «Эко Деми» коомдук фонду жана Экосоветтин активисттери катышышты.

Мындан тышкары, борбордогу санитардык полигонду жашылдандырууга Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык бактын жетекчиси жана биологдор катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин таштанды полигонундагы өрттү өчүрүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп, мындан ары аймакты жакшыртуу боюнча иш-чаралар уюштурулат.

Теги:
Количество просмотров: 104