• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектеги тез татым жайынан шаурма жеген 12 адам ууланды

19 Кулжа 202515:15 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги «Даамдуу» тез татым жайынан шаурма жеген 12 адам ууланды.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын алтоо ооруканага жаткырылып, калганы амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Санэпидкөзөмөл борбору ишканага 41 миң сом айып салып, териштирүү бүткөнгө чейин жабууну чечкен.

Уулануунун себептери такталып жатат.

Количество просмотров: 173