• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Империя пиццы» кафелеринен ролл жеген 12 адам ууланып ооруканага түштү

24 Тогуздун айы 2021 18:57 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «Империя пиццы» кафелеринен ролл жеген 12 адам ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, улаанган 12 адам, анын үчөө балдар Темир жол ооруканасына кайрылган.

«Учурда үч аял стационардык дарыланууда, абалдары туруктуу деп бааланууда. Ал эми калган 9 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жиберилди, абалдары канааттандырарлык», — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаардык мамсанэдипкөзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашевдин маалыматына ылайык, ууланган адамдар шаардын төрт башка жеринде жайгашкан «Империя пиццы» кафелеринен ролл жешкен.

«Учурда аталган борбордун адистери эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет», — деп кошумчалашты министрликтен.

Количество просмотров: 186