Бишкекте жайгашкан автобекетинен ГАИ кызматкерлери таксисттерди кетирип жатышат. Бул тууралуу Govori.TVга окурмандар маалымат беришти.
Алардын айтымында, ГАИчилер автобекеттин айланасында турган ээси жок унааларды алып кетип, ал эми таксисттерди таратып жатышат.
Себеби, 22-марттан тарта өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилип, бир аймактан экинчи аймакка барууга чектөө кирген эле. Мындан тышкары зарылдыгы жок эшикке чыкпоо тууралуу айтылып, эл чогулган жерлерден оолак болуу белгиленген.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын 7 облусуна 14 санитардык-карантиндик пост орнотулат.
Санитардык-карантиндик посттор 2 нөөмөттө күнү-түнү иштешет.
Аталган посттордо ӨКМ, ИИМ органдарынын, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдары болот.