• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкектеги ЖОЖдордун бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушталды

6 Чын куран 2021 15:42 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу башкаруу академиясына көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушталууда. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Жусуп Абдрахманов – заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө олуттуу салым кошкон белгилүү мамлекеттик ишмер. Анын өмүр жолу Кыргыз Республикасынын ар бир жаранына, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерге үлгү болушу тийиш», — деди Улукбек Марипов Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жүрүшүндө.

Белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыгына ылайык, 2021-жылдын 19-мартында уюштуруу комитети түзүлгөн, анын курамына мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, маданият жана искусство ишмерлери кирген.

Кеңешмеде уюштуруу комитетинин өкүлдөрү белгилүү мамлекеттик ишмердин элесин түбөлүк калтырууга багытталган иш-чараларды, анын катарында  Жусуп Абдрахмановдун өмүрү тууралуу көркөм тасма тартуу, эл аралык илимий конференция өткөрүү, анын ысмын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясына ыйгаруу, «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамын ыйгаруу маселесин талкуулады, ошондой эле Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүн ЮНЕСКО материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн ЮНЕСКОнун «Дүйнө эстелиги» программасынын консультативдик комитетине кайрылуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушу киргизилди.

Количество просмотров: 85