• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкектен Анталияга авиакаттамдарды көбөйтүү пландалууда

17 Жалган куран 2023 9:08 Бишкек Govori.TV

Түркиянын Southwind Airlines авиакомпаниясы 2023-жылдын 15-апрелинен тарта Анталия-Бишкек-Анталия багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда.

«Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, учуулар жумасына 2 жолу –жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Ошондой эле, Pegasus Airlines авиакомпаниясы 2023-жылдын 26-мартынан тарта аталган багыт боюнча авиакаттамдардын санын жумасына 5 каттамга чейин көбөйтүүнү пландаштырууда (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү).

Эске салсак, буга чейин Pegasus Airlines авиакомпаниясы аталган багыт боюнча аба каттамдарын 4 жолу — дүйшөмбү, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарып келген.

Количество просмотров: 76