Бишкек.17.05.2019.Govori.TV.
Бүгүн Бишкек шаарынын мэри А. Суракматов сүрөтчү Михаил Дудиндин борбор калаага болгон сүйүүсүн сүрөткө түшүргөнүн терең баалап, ыраазычылыгын билдирүү менен кол саат белек кылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.
Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын бийиктен тартылган кооз, бир нече сүрөттөрү Михаил Дудиндин эмгегине таандык.