• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкектиктер казинонун салыгы азайтылышы тууралуу эмне дейт?

28 Жалган куран 2023 12:17 Бишкек Govori.TV

Экономика жана коммерция министрлиги сунуштаган казинолордун салыгын азайтуу боюнча токтом долбоор ушул жылдын 24-мартында коомдук талкууга коюлду. Министрлик мындай өзгөртүү инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүү максатында киргизилип жатканын, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү экономикалык кырдаалды эске алуу менен бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген салыктык өлчөм иштелип чыкканын билдирди. Айрымдар бул токтом долбоорун колдосо, кумарканалардын салыгын азайтууга жүйө жок экенин айткандар да болууда.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын тургундары эмне дейт? Төмөнкү жактан көрүңүз.

Кошумчалай кетсек, Экономика жана коммерция министрлиги кумарканалар үчүн салыктын көлөмүн азайтуу боюнча токтомдун долбооруна ылайык, бааларга төмөнкүдөй өзгөртүү сунушталды:

Кумарканадагы бир оюн столу (флот) үчүн:

2023-жылы – 450 000 сом (азыркы талап боюнча 1 млн сом);

2024-жылдан тарта – 600 000 сом ( азыр 1 млн 250 миң сом).

Оюн автоматтары жана компьютердик симулятор залдарында бир оюн автоматы үчүн:

2023-жылы – 10 миң сом (азыр 75 миң сом);

2024-жылдан тарта – 15 миң сом (азыр 100 миң сом).

Количество просмотров: 764