• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жалал-Абадда жашыруун казинонун ишмердүүлүгү бөгөттөлдү

22 Жалган куран 2023 11:58 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда жашыруун казино ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин (Мыйзамсыз ишкердик) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад шаарында жана облустун Сузак районунда компьютердик клубдарга жамынып иштеп жаткан мыйзамсыз оюн-зоок жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

2023-жылдын 17-мартында бул көмүскө оюн-зоок жайлардын айрым уюштуруучулары жана администраторлору кармалды, бул жайлардын ар биринин ай сайын акча жүгүртүүсү бир миллион сомдон ашык болгон. Аталган жашыруун жайлардын кассаларынан бир күндүк мыйзамсыз аракеттерден түшкөн 200 (эки жүз) миң сомдон ашык акча каражаты табылган. Ошондой эле, оюн автоматтарынын ролун аткарган тиешелүү программалык камсыздоосу менен камтылган жалпысынан 40ка жакын компьютер алынды.

Муну менен катар ал жайлардын 30 кардары да ал жерде болуу жагдайларын тактоо үчүн кармалды. Кармалган жарандар менен аталган мекемелердин иштери мыйзамсыз экени боюнча профилактикалык түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү.

Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү салыктык текшерүүлөр жана экспертизалар дайындалды. Ошол эле учурда, облустун айрым укук коргоо кызматкерлери жашыруун мекемелерге колдоо кылууга тиешеси бар деп шектелип, буга байланыштуу алардын өздүгүн тактоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 100