• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров: Он беш-жыйырма казинону көзөмөлдөй албасак, анда эмне мамлекетпиз?

25 Чын куран 2022 14:18 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине эксклюзивдүү интервью берип, өлкөдөгү акыркы окуялар жана талкууга алынган маселелер тууралуу суроолорго жооп беген.

Алардын бири талкуу болуп жаткан казинолорду ачуу демилгеси болду.

Президент, азырынча ал мыйзам да карала элек экенин айтты.

«Эгер өтүп калып, мыйзам ишке кирсе, он беш-жыйырма казинону көзөмөлдөй албасак, анда эмне мамлекетпиз? Биздин жарандар бут басып кире алышпайт. Анткени казино ээси лицензияны мамлекеттен бери дегенде эле бир миллион же бир жарым миллион долларга сатып алат. Эгер кыргыз жаранын ойнотуп жатып кармалса, ал казино лицензиясынан ажырайт деген норма бар. Ошол үчүн казино ээсине кыргыз жаранын киргизиши коркунучтуу. Андан сырткары УКМК менен ИИМдин кызматкерлери жөн олтурмак беле? Казиного кирген жарандарыбызды кармаса, жоопко тартат. Казиного көнүп калган бир депутат бар. Кол тийбестигим бар деп ошол эле барбаса. (Тамаша). Кыскасы, биздин жарандар кирбесине мамлекет 100 пайыз кепилдик бере алабыз. Малайзияда казино бар. Өз жарандары кирбейт. Аларда да мыйзам ушундай. Айрым мусулман өлкөлөрдө да ушундай тажрыйба бар, өз жарандарына да укуксат берилет», — деген Жапаров.

Эске салсак, буга чейин Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда кумарканаларды ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан.

Өкмөт муну менен туризмди жандандырып, казынаны байытууну көздөп жатканын айтып, мыйзам долбоорунун талабына ылайык, казинолорго Кыргызстандын жарандары киргизилбейт деп ишендирип жатат.

Количество просмотров: 600