20-майдан 23-майга чейин Бишкектин бир катар аймагында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, бул жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө пландуу оңдоо жумуштарына байланыштуу.
ГРС-1, Васильевский тракт, ЧЧК, Юбилейная көч., Пригородное а., Маевка а., Жаш Гвардия көч., Киргизия көч., Коллекторная көч., Саадаев көч., Новая көч., пер. Советский, КЧК, «Жеңиш» конушу, «Алтын Бешик» конушунда газ өчөт.