• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ өчөт

30 Чын куран 2024 14:10 Бишкек Govori.TV

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, орто басымдагы газ өткөргүчүндө тээгин алмаштырууга жана жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын агышын жоюуга байланыштуу 6-майдан 8-майга чейин ЧЧК, Курманалиев көчөсү, Лермонтов көчөсү, Чүй проспекти, Осмонкул, Жибек Жолу, Фрунзе көчөлөрү менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Количество просмотров: 181