• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

18 Кулжа 2021 9:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында электр жарыгы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан кабарлашты.

Электр жарыгы үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • Ак-Босого конушу (Саадаева көч, Боталиева, Чүй көчөсү № 8, 10, 42, 45, 47, 49-54, Нариманов көчөсү) саат 9:00дөн 18:00гө чейин;
  • Арча-Бешик конушу (Бадахшан, Ак-Марал көчөлөрү) саат 9:00дөн 18:00гө чейин;
  • Ынтымак жаңы конушу (Улан көчөсү) саат 9:00дөн 18:00гө чейин;
  • Бакай-Ата конушу (Жээк, Нооруз, Наристе көчөлөрү) 10:00дөн 17:00гө чейин;
  • 10-кичи району саат 8:30дан 17:00гө чейин;
  • Елебесов көчөсүнүн кесилиши, Геологическая № 1,3,5,7,11,14, Равенский, Станиславский көчөлөрү саат 9:30дан 17:00гө чейин.
  • «Түндүк электр» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.
Количество просмотров: 117